Өлкөдө коронавирусту жапырт текшерүү үчүн атайын лаборатория иштей баштайт

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 08:49
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирусту жапырт текшерүү үчүн атайын лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу демилгени ишке ашырып жаткандар «Азаттыкка» кабарлашты.

Маалыматка ылайык, долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашат. Анын алкагында жакынкы күндөрү «Бонецкий» диагностикалык лабораториясында коронавирус текшериле баштайт. Буга керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адистер чакырылат.

Бул демилгени ишкер Бабур Төлбаев колдоп, 84 миң 460 долларды керектүү жабдуу сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктоочу тесттерди алыш үчүн которгон.

Долбоордун башкы этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуш керек.

Буга байланыштуу демилгелүү топ ишкерлерди жана меценаттарды бул маанилүү долбоорду колдоого чакырууда

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.