Коменданттык саат: тартипти бузган 147 жаран кармалды

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 09:08
0 ой-пикир

31-марттан саат 20:00дөн тартып 1-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 147 жаран кармалып, 12 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен;

• Бишкек шаары боюнча — 119;

• Ош шаары боюнча — 2;

• Жалал-Абад шаары — 10;

• Сузак районунда — 8;

• Кара — Суу районунда — 8 жаран кармалып, ИИМдин райондук бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Кармалгандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.