COVID-19: АКШда каза болгондордун саны 3873кө жетти

Аалам, Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 12:09
0 ой-пикир

Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан каза болгондордун саны 3873кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазды.

Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттарда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 188 172ге арабар. АКШ бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө биринчи орунда, ал эми Италия жана Испания андан кийинки орундарда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалыматтарына ылайык, дүйнөдө 750 миңден ашык адам коронавирус жуктурган учур катталып, вирус пайда болгондон бери 36 миңден ашуун адам өлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.