31-мартта Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти.
Алар “Инстаграмдагы” Sussex Royal аккаунтундагы катталуучулары менен да кош айтышып, “Мындан ары бизди бул жерден көрбөйсүздөр”, деген жазууну калтырышкан.
Өлкөнүн ханышасы менен түзүлгөн келишим боюнча Гарри менен Меган падышалык титулду колдонушпайт. Мындан тышкары Виндзор сепилине жакын жердеги коттежди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жумшалган 2,4 миллион фунт стерлингди казынага кайтарып беришет.
Ханзаада Гарри менен Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөндөн кийин ээ болгон Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышат. Учурда түгөйлөр уулу Арчи менен Лос-Анжелесте жашоодо.