«112» кызматына бир суткада 10 миңдей чалуу келип түшкөн

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 13:22
0 ой-пикир

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» бирдиктүү нөөмөт кызматына бир суткада 10 миңдей чалуу келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир суткада келип түшкөн 10 миң чалуунун 1 миң 385и коронавирус боюнча чалгандар.

«Бирдиктүү нөөмөт кызматы жарандардын чалууларын күнү-түнү кабыл алууда. Көбүнчө чалуулар максатсыз болууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.