Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү мөөнөтү жылдырылат, — министрлик

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 15:18
0 ой-пикир

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда коронавируска байланышкан кырдаалга улам тестирлөөгө каттоо токтотулган.

«Кырдаал жөнгө салынгандан кийин, окуучуларды каттоо башталат», — деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Ал эми тестирлөөнүн өзү 15-20-май аралыгында болуп өтмөк.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.