Өзгөчө абал учурунда мугалимдердин айлык акысы толук төлөнөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
«Коронавирус илдетинен улам мектеп окуучулардын сабактары онлайн режиминде телеканалдардан көрсөтүлөт. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар «Билим булагы» порталына жүктөлдү», — дейт Жусупбекова.
Министрдин орун басары белгилегендей, 5-9-класстардын окуучулары үчүн «Илим-Билим» ЭлТР, «Пирамида» жана «5-канал» телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.
Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.