Тажикстанда катуу селден бир киши каза таап, 200дөн ашуун үй суу алдында калды

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 16:09
0 ой-пикир

Тажикстандын Хатлон облусунун Хуросон районунда катуу сел жүрүп, Халкажар айылында бир киши өлүп, 200дөн ашуун үй жана короо жай суу алдында калды. Бул тууралуу centralasian.org. сайты жазды.

Маалыматка караганда, 21-марттагы жаратылыш кырсыгынын чыгымы 1,3 млн сомониден (130 миң доллар) ашты. Хуросон районунун төрагасы Рахматулло Сафарзода 238 үйдүн айрымдары жараксыз абалга кептелгенин билдирди.

Сел эгин талааларын да жууп кетип, ондогон үй жандыктары өлтүргөн.

Табият кырсыгынан кийин Халкажар айылынын тургундары бийлик жардам бербей жатканын айтышкан. Кийинчерээк Хатлон облусунун акимчилиги селдин кесепеттерин жоюу үчүн ондогон куткаруучуларды жана жүздөгөн ыктырчыларды жөнөткөнүн маалымдаган.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 1992-2016-жылдар аралыгындагы табият кырсыктарынан Тажикстан 1,8 млрд доллар чыгымга учураган. Сел, жер титирөө, көчкү жана кар көчкүдөн 7 миллион киши жабыр тарткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.