Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров студенттердин окуусу тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, учурда бардык жогорку окуу жайлары дистанттык окутуу режимине өткөн.
«Студенттердин бул семестри өз убагында бүтөт. Диплом жана мамлекеттик экзамендер боюнча альтернативдик механизмдерди карап чыктык. Ата мекен тарыхы боюнча экзаменди дистанттык режимде өткөрүү каралып жатат. Ал эми диплом боюнча айтсам, аны да онлайн режиминде студенттер тапшырышы мүмкүн. Бул ыкманы колдонууга толук мүмкүнчүлүк бар», — дейт министрдин орун басары.