Россияда COVID-19 илдетин бир суткада 500 адам жуктурду. Алардын жалпы саны 2 миң 337ге жеткенин «ТАСС» агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Россияда 121 адам коронавирустан айыккан жана 17 жаран көз жумган.
«Бүгүнкү күндө Россиянын 73 регионунда илдетти жуктурган 2 миң 337 учур катталды. Бир суткада 55 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми жалпы ооруканадан 121 адам чыгарылган. Ошондой эле бир күндө өпкөнү сезгенткен оорудан 8 адам каза болду. Алардын жалпы саны 17ге жетти», — деп айтылат штабдын маалыматында