Премьер-министр: Азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 10:38
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча бекитилген пландын жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндөгү жагдай жылдап топтолуп келген көйгөйлөрдү, анын ичинде саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди ачыкка чыгарды.

«Акыркы күндөрү жарандар жана бизнес-коомчулук туш келип жаткан ыңгайсыздыктарды түшүнүп жатабыз. Өзгөчө абал киргизүү көп сандагы жарандардын арасында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн кабыл алынган чара болуп саналат. Бүгүнкү күндө вирустун жайылышына канткенде туруштук берип, экономикалык жактан жигердүү жашоого канткенде кайтып баруу керектиги ар бириңердин ден-соолугуңарга, аң-сезимге жана алдын алууга көз каранды. Бүтүндөй өлкөнүн бакубат турмушу биздин аракеттерибиздин ырааттуулугуна көз каранды», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

«Чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Муну менен катар жакынкы күндөрү Өкмөт бизнес-коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу жумуштарды жайылта баштайт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча планына ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылуу сунуш кылуу;

— мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун топтоо;

— социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин

ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;

— азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.