Ошто коменданттык саатты бир нече ирет бузгандар обсервацияга алынат, — комендант

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 12:45
0 ой-пикир

Ош облусунда коменданттык саатты бир нече ирет бузган жарандар обсервацияга күч менен жаткырыла баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин коменданттык саатта көчөдө жүрүүгө тыюу салынары сөз түрүндө айтылып келген.

«Эми мыйзам чегинде чара көрөбүз. Коменданттык саатты бир нече жолу бузган жана коомдук жайларга тынымсыз каттап жаткандарды биз обсервацияга жаткырабыз. Обсервацияга өзүнүн каражатына жаткырылат. Биз медицина кызматкерлери менен сүйлөштүк, ошондой эле ыкчам топ түздүк», — дейт комендант.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 107ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.