Мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” сынагы жарыяланды

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 17:15
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” республикалык сынагын жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Конкурска менчигинин формасына, тибине жана ведомстволук таандуулугуна карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катыша алат.

«Ар бир конкурсант программага жана жадыбалга ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видео сабак бериши шарт. Байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар каралган: 1-орун – 50 миң сом, 2-орун – 40 миң сом, 3-орун – 30 миң сом. Мындан сырткары, катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет», — деп кошумчалашты министрликтен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.