МАНИЛҮҮ! Өзгөчө абал учурунда уруксат берилген ишмердүүлүктөр

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 13:21
0 ой-пикир

Өзгөчө абал учурунда уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:

1. Саламаттыкты сактоо системасы:
— ооруканалар;
— лаборатордук кызматтар;
— үйүндө медициналык кызматтарды көрсөткөн мекемелер;
— бардык менчик формадагы медициналык мекемелер;
— ветеринардык тез жардам кызматтары;
— медициналык товарларынын дистрибуциясы.
2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:
— электроэнергиялык компаниялар;
— суу менен камсыз кылуу;
— электриктер жана сантехниктердин кызматтары;
— өрт өчүрүү кызматы;
— көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;
— калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;
— дезинфекция;
— телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техникалык колдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);
— аэропорттор;
— темир жол бекеттери;
— почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
— социалдык камсыздоо.
3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:
— тамак-аш өнөр жайы;
— айыл чарбасы;
— биринчи керектүү товарларды өндүрүү;
— химреагенттер;
— дары-дармек препараттары;
— медициналык жабдуулар жана аспаптар;
— үй үчүн кагаз буюмдары;
— жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);
4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:
— азык-түлүк дүкөндөрү;
— дарыканалар;
— күйүүчү май куюу жайлары;
— ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;
5. Башка маанилүү кызматтар:
— азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;
— азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;
— банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);
— мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.
— жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
— карылар үйлөрү;
— балдар үйлөрү;
— үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;
— жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;
— ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

МАНИЛҮҮ: унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек; буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтсүн.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 107ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.