ИИМ: Коменданттык саат учурунда тартип бузгандар көбүнчө Бишкекте катталган

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 10:18
0 ой-пикир

30-марттан саат 20:00дөн тартып 31-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 155 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: • Бишкек шаары боюнча — 137, • Ош шаары боюнча — 5, • Жалал-Абад шаары — 9, • Кара-Суу районунда — 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилген. Ал эми Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

«Кармалгандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди». — деп билдиришти ИИМден.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, алты күндүн ичинде жалпысынан өлкө аймагында 1242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалган.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.