Дүйнөдө 150 миңден ашуун адам коронавирустан айыкты

Аалам, Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 10:25
0 ой-пикир

Дүйнөдө 30-мартка карата 151 991 киши коронавирустан айыкты. Алардын арасында үч кыргызстандык бар.

Коронавирустан айыкканардын саны боюнча Кытай -биринчи орунда. Анда 75 904 киши айыкты, экинчи орунда Испания- 14 709, үчүнчү орунда Италия -18 030 киши сакайды.

Ал эми онлайн-картадан белгилүү болгондой, 30-мартка карата дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны — 741 030 киши болду. Ооругандар АКШда көп -143 532 киши. Италияда -97 689, Испанияда-85 195 киши.

Ооругандардын көбү АКШда -143 532 киши, андан кийин Италия- 97 689, Испания-85 195.

Ал эми Россияда -1534, Казакстан -294, Өзбекстан-144, Кыргызстанда 94 учур катталды.

Коронавирустан 30-мартка карата дүйнөдө 34 018 киши каза тапты. Каза тапкандар Италияда көп-10 779, Испанияда 6 803, Кытайда -3186 киши.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.