COVID-19: Үч бейтап реанимацияда. Бирөө жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 16:49
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтапдардын үчөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында жандандыруу бөлүмүндөгү эки адамдын абалы орточо оор. Ал эми үчүнчүсү өз алдынча дем ала албай калгандыктан, жасалма жол менен дем алдыруучу аппаратка кошулган.

 Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 107ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.