Бүгүнтөн тарта МККнын бардык мекемелери жабылат

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 11:09
0 ой-пикир

Өлкөнүн аймактарына киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволору жабылат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.

«31-марттан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Алардын катарына Калкты тейлөө борборлору жана «Унаа» мекемесинин бөлүмдөрү, «Кыргыз почтасы» ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет», — деп жазылат маалыматта.

Өзгөчө абал режими киргизилбеген республиканын башка аймактарында ведомствонун алдындагы бөлүмдөр штаттык тартипте ишин улантат.

Чет элдик жарандардын каттоосун Калкты тейлөө борборлору ачылгандан кийин узартса болот.

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки мезгилде төрөлгөн ымыркайлардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн алуу жылдырылган. Мурункудай өз убагында алынбаган күбөлүк үчүн айып салынбайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.