Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.
Анын айтуусуна караганда, бир жумадан бери сүйлөөшүүлөр өткөрүлүп жатат.
«Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда”, — деп кошумчалады Боронов.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 94 кишиге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур.
Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.