Президент премьер-министр менен кризиске каршы планды талкуулады

Окуялар тизмеги 29 Мар 2020 09:45
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизүүчү кесепеттерин азайтуу боюнча Өкмөттүн антикризистик планы талкууланды. Антикризистик чаралардын комплекстүү планын тездетип кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, макроэкономикалык кырдаалды жолго коюуга жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка эң зарыл болгон азык-түлүктөрдү жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Муну менен бирге өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында калктын социалдык аялуу катмарына даректүү жардам көрсөтүүгө олуттуу көңүл буруу керек.

Президент ошондой эле медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүүнүн, аларды бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоонун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Республикалык штаб бардык түзүмдөрдү координациялоону күчөтүшү керектигин, жарандардын, медиктердин жана жер-жерлерде комендатура менен кызматташууга тартылган башка адамдардын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүсү зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын айтты.

Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча иштер тууралуу, башка антикризистик чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча материалдык каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.