Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жергиликтүү тургундарга кайрылды.
«Урматтуу Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын тургундары, меймандары! Биз баарыбыз бүгүнкү өзгөчө абалга, карантинге көнө баштадык. Ар бириңиздер үйлөрүңүздөрдө санитардык, гигиеналык абалды туура жана жакшы аткарып жатасыздар. Биз буга күбөбүз. Ушул тазалыкты мындан ары да улантып, бүгүнкү чектөөлөргө чыдап бериңиздер. Бул күндөр дагы өтүп кетет. Жалпы элдин саламаттыгын ойлонолу»!