Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жалгыз жашаган карыларга гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө, — деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, гумжардам жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана бейөкмөт уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатат.
«Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча муктаж болгон үй-бүлөлөргө 183 тонна ун, 1 миң 13 кг макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч жана 874 кг кумшекер таратылды. Гуманитардык жардам медициналык каражат түрүндө да берилүүдө. Атап айтсак, 2 миң 650 тонна хлор, 45 миң 507 даана беткап, 4 миң 110 литр антисептик, 457 даана халат жана 3 миң 840 даана колкап», — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктары жана гигиеналык каражаттар таратылды.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, гуманитардык жардам ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык, тизме боюнча үйлөргө жеткирилүүдө.