Өзбекстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 88 кишиге жетти

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 09:48
0 ой-пикир

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 5 учур катталып, ооругандарданы саны жалпы 88 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки учур Фергана облусунда катталса, эки учур — Хорезм облусунда, дагы бир учур — Ташкент шаарында катталган.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган аглгачкы учур 15-мартта катталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.