Өзбекстанда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 15:13
0 ой-пикир

Өзбекстандын Наманган шаарында коронавирус жуккан 72 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бейтап аял бул илдетке чалдыкканга чейин башка оорулардан да жабыркап келген. Маркум коронавирусту Түркияга барып келген кызынан жуктуруп алганы маалым болду.

Коңшу мамлекеттин бийлиги вирус он бир дарыгерде аныкталган соң ооруга чалдыккан бейтаптар менен иштешкен бардык медицина кызматкерлерине кошумча акча төлөнөрүн билдирди.

Ага ылайык, дарыгерлер ар бир эки аптада 2,5 миң медайымдар жана лаборатория кызматкерлери 1500 доллардан, калган кызматкерлер 500 доллардан алат.

Ал эми бейтапты дарылап жатып, коронавирус жуктуруп алган ар бир медициналык кызматкерге 10 миң доллар бир жолку төлөм каралат.

Өзбекстан бардык чек араларын жаап, элди көчөгө чыгардын алдында беткап кийүүгө милдеттендирди.

27-мартка карата бул өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 75ке жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.