Парламенттик шайлоону кийинки жылга жылдыруу сунушталды

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 13:24
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйылкы жылга пландалган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттин депутаттарын шайлоону 2021-жылы чогуу өткөрүүнү сунуштады. Мындай сунушу менен эл өкүлү бүгүн 27-мартта социалдык түйүндөр аркылуу президентке жана парламент төрагасына кайрылды.

Кайрылууда Жогорку Кеңешти жыйынга чогулуп, ушул сунушту талкуулоого чакырды. Ал чукул бюджет тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгыш үчүн комитет түзүш керек экенин айтты.

Ошону менен катар Бекешев быйыл октябрь айынан тартып парламенттин депутаттарына айлык төлөбөй, сый акы жана квартал сайын берилип туруучу премияны да токтотууну сунуш кылды. Бекешевдин эсеби боюнча 1 миллиард сом үнөмдөлөт.

Эскерте кетсек, быйыл 12 апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоосу болмок. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк президенттин жарлыгы менен убактылуу токтотулган.

Ал эми парламенттик кезектеги шайлоо 4-октябрга пландалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.