Коронавирус: АКШ илдетке чалдыккандардын саны боюнча алдыга чыкты

Аалам, Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 09:30
0 ой-пикир

Америка Кошмо Штаттары коронавируска чалдыккандардын саны боюнча илдет чыккан Кытайдан өтүп кетти.

Учурда АКШда коронавирусту жуктуруп алгандар 85 миң кишиге жетип, каза болгондордун саны 1200 киши болду. Ошентип, дүйнө жүзү боюнча илдет аныкталгандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты.

Коронавирус Американын бардык штаттарынан аныкталып, Нью-Йоркто 37 миңден ашык киши бул илдетке чалдыкты. Нью-Йорктун губернаторы Эндрю Куомо штатта медициналык мекемелерге күч келээрин билдирди. Бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болушу мүмкүн экенин белгиледи. Американын бир нече штатында жана Нью-Йоркто карантин жарыяланды.

АКШ Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү үчүн 2,2 триллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.