26-марттан саат 20:00дөн тартып 27-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 241 жаран кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
«Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын шартын бузган жалпы 241 жаран кармалып, 12 автоунаа токтотулган. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 146 адам, Ош шаары боюнча — 22 жаран, Жалал-Абад шаары — 24 адам, Сузак району боюнча — 29, Кара-Суу районунда- 20, ал эми Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди». — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 25-мартта коменданттык сааттын шартын бузган 320 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган.