“Эң мыкты видеосабактарга” республикалык сынак жарыяланды

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 09:20
0 ой-пикир

“Эң мыкты видеосабактарга” республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачылык изденүүлөрүн баалап, педагогдордун маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу максатында “Санариптик педагогика» деген аталыштагы республикалык сынак жарыялайт.

Конкурсту өткөрүүнүн этаптары:

1-этап – 2020-жылдын 26-мартынан 2-апрелине чейин;

2-этап – 2020-жылдын 2-апрелинен 30-апрелине чейин;

3-этап – 2020-жылдын 30-апрелинен 18-майына чейин.

Конкурска менчигинин түрүнө карабастан, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жекече катыша алышат. Видеосабактар кыргыз жана орус тилинде болушу керек. Ар бир катышуучу программага ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган, ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видеосабактарды бериши шарт.

Сынакка базалык окуу планына (БУП), предметтик стандартка, окуу программасына, календардык-тематикалык планга дал келген жана IV чейректе өтүлө турган сабактардын материалдары менен гана катышууга болот. Ошондой эле конкурска катыша турган видеоматериалдар түрдүү интернет ресурстарында (билим берүү порталдарында, You Tube, Facebook) жайгаштырылышы зарыл.

Байгелүү орундар үчүн демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар каралган: 1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 40 000 сом, 3-орунга 30 000 сом. Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.

Конкурсту уюштуруу, ага катышуу тартиби, видеосабактарга болгон талаптар, видеоматериалдын тиби, баалоо критерийлери, видеоматериалдарга болгон техникалык талаптар бул шилтемеде жайгашкан.

Байланыш тел: 0(707) 563 463, 0(707) 009 131, 0(555) 212 962, 0(701) 778 700

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.