Кытай мамлекети Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү (фото)

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 11:45
0 ой-пикир

Кытай мамлекети коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.

Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди.

Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.