Кыргыз-казак өкмөт башчылары чек арадан жүк алып өтүү маселесин талкуулашты

Окуялар тизмеги 25 Мар 2020 17:56
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадан жүк алып өтүү маселесин талкуулашты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

«Өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү дагы бир жолу белгиленди», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады

25-мартка карата коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44кө, казак жарандары 79ка жетти.

Буга чейин Чүй облусундагы «Ак-Тилек» жана Таластагы «Чоң-Капка» бекеттеринде казак тараптан азык-түлүк жана жабдык жүктөлгөн жүздөгөн оор жүк ташуучу машинелер чек арадан өтө албай турганы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.