Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам айыкты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазат.
Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин айтымында, айыккан эки жаран эртең ооруканадан чыгарылат.
«Бул биринчи кезекте дарыгерлердин эмгеги», — дейт Абаев.
Учурда Казакстанда коронавирусту жуктурган 80 учур катталган: Нур-Султанда — 41, Алматыда — 31, Карагандада — 2, Шымкентте — 2, Алматы менен Актөбе облустарында бирден, Жамбылда — 1, Түндүк-Казакстан облусунда 1 учур катталган.