Казакстан өзгөчө абал учурунда жарандарына жөлөк пул төлөп берет

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 12:31
0 ой-пикир

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта өзгөчө абалга байланыштуу зыян тартып жаткан казакстандыктарга жөлөк пул төлөнүп берилерин билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.

«Буга байланыштуу өзгөчө абал учурунда кирешелеринен ажыраган жарандарга бул аралыкта ай сайын бир минималдык айлык акы өлчөмүндө (94 доллар) жөлөк пул чегерүүнү тапшырам”, – деген Токаев.

Токаев зарыл болгон учурда сумманы көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Казакстан президенти дүйшөмбүдө чет жактардан, анын ичинен Европалык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдөн (Россия, Беларус, Армения) келген бардык жарандарды карантинге алууну тапшырган. Ал чартердик каттамдар менен келгендер үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айткан.

Казакстанда коронавирус инфекциясын 62 киши жугузуп алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.