Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында №1, №2 троллейбустук жана №12, №13 автобустук каттамдар күнүнө эрте менен жана кечинде каттай баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мындай чечим кырдаалга жараша керектүү кызматтардын кызматкерлерин ташуу үчүн кабыл алынган.
Каттамдар 23-марттан баштап ишке кирет:
Эрте мененки каттамдар: 1-рейс — саат 7:00, 2-рейс — саат 7:30, 3-рейс — саат 8:00.
Кечки каттамдар: 1-рейс — 18:00, 2-рейс — 18:30, 3-рейс — 19:00.
Аталган троллейбус жана автобустар көрсөтүлгөн убакыттарда токтоочу жайдан жөнөйт.