Бишкекте эки адам коронавируска чалдыкты

Окуялар тизмеги 21 Мар 2020 18:30
0 ой-пикир

Бишкекте эки адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жуктургандардын бири 24 жаштагы жигит Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жаткан. Ал эми экинчиси 26 жаштагы жигит Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайтып келип, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

Мындай жол менен өлкөдө СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 14кө жетти. Буга чейин илдет жугузгандардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта болсо, дагы бир адам Баткен районунун тургуну болчу. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.