Умрага барып келген Жалал-Абаддан 51, Ысык-Көлдөн 1, Баткенден 8 киши ооруканага жаткырылды

Окуялар тизмеги 18 Мар 2020 14:47
0 ой-пикир

Кичи ажылыкка (умра) барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, булардын ичинен 60 киши коронавируска текшериш үчүн облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды. Бул тууралуу жер-жерлерден облустук бийлик органдары кабарлашты, деп жазат «Азаттык».

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген Сузак районунун тургундары. 

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.