Коронавирус: парламент өкмөттүн маалыматын эртең угат

Окуялар тизмеги 18 Мар 2020 11:35
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында бир нече депутат коронавируска байланышкан чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууну сунуш кылды. Эл өкүлдөрү өкмөттүн маалыматын 19-мартта угууну чечишти.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус катталган үч киши аныкталды. Алар Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген, Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Алар менен чогуу бир учакта 135 адам учуп келгени белгилүү болду.

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.