Бишкекте Айдар Акаевдин кыркашы өттү

Окуялар тизмеги 16 Мар 2020 15:08
0 ой-пикир

15-мартта Бишкектин “Кайнар” ресторанында тунгуч президенттин уулу Айдар Акаевдин кыркашы өттү. Бул тууралуу Aryba.kg сайты жазды.

Маалыматка караганда, маркумду эскерүү жөрөлгөсүнө Аскар Акаевдин туугандары жана санаалаштары келишти. Апас Жумагулов, Миталип Мамытов, Бекболот Талгарбеков, Болот Жанузаков, Накен Касиев, Осмонакун Ибраимов, Бакирдин Сартказиев, Болот Кененбаев, Айдарбек Керимкулов, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Аалы Карашев, Руслан Казакбаев, Равшан Сабиров, Бекен Назаралиев, Нышанбек Кочкоров, Аслан Сартбаев ж.б. бир топ белгилүү инсандар болушту.

Москвадан ашка Бермет, Саадат жана Илим Акаевдер келишкен. Ошондой эле уюштуруу иштерин Болот Жанузаков, Бекболот Талгарбеков аркалаганы айтылды.

Эске саала кетсек, 43 жаштагы Айдар Акаев 6-февралга караган түнү Москвада каза болгон. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган.

Анын сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.