Өкмөт: Коронавируска байланыштуу кыргыз-казак чек арасы жабылбайт

Окуялар тизмеги 15 Мар 2020 10:33
0 ой-пикир

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту.

Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги баса белгиленди.

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту.

Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдөгү коронавирус илдети катталгандыгы байланыштуу кыргыз-казак менен чек ара жабылары тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатат. Ушундан улам ун тартыштыгы болору айтылып базарларда, дүкөндөрдө ун кымбаттаганы байкалды.

Кыргыз өкмөтү азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуу болуп, ага суроо-талаптын өскөнүн кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөндөрдүн аракети катары баалады

Өкмөт «Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн» деген сөздөр чындыкка дал келбесин билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.