Үч апталык каникул мезгилинде бала бакчалар иштейби? Вице-премьердин жообу

Окуялар тизмеги 15 Мар 2020 12:38
0 ой-пикир

Мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникул учурунда бала бакчалар карантинге жабылбайт. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Facebook баракчасына жазды. 

«Урматтуу достор, мектептерде эрте каникул берилгендиктен, бул нерсе эмне себептен бала бакчаларга тийиштүү эмес деп сурагандар болууда. Эгер баланы мындай мезгилде бала бакчага жибербей турууну туура көрсөңүздөр, ал өзүңүздөрдүн ишиңиздер. Бирок ишин таштап, үйдө бала карап отура албаган ата-энелер бар. Баланы жиберүү же баргызбай коюу — сиздин чечимиңиз! Көңүлдүү эс алуу каалайм, бардыгы жакшы болот», — деп жазган вице-премьер.

Уважаемые друзья, в связи с введением преждевременных каникул в школах многие спрашивают, почему это не распространяется…

Опубликовано Алтынай Омурбековой Суббота, 14 марта 2020 г.

Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча чечимине ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.