Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкери Болот Мукашев каза болду

Окуялар тизмеги 14 Мар 2020 09:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкери Болотбек Мукашев каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мааламатка ылайык, дипломатиялык кызматкер узакка созулган оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Болотбек Мукашев 1965-жылы туулган. Билими жогорку. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин системасында 2001-жылдан бери эмгектенип келген.

2017-жылдын май айынан баштап азыркы убакытка чейин – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчи – Кичи Элчиси кызматын аркалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.