Коронавирус: Өкмөттүн эрежеси депутаттарга карата иштебейби?

Окуялар тизмеги 13 Мар 2020 16:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-мартта Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги Германиядан келген эки казак жаранынан коронавирус аныкталгандыгы жөнүндө билдирүү таркатты.

Ошол эле кезде бул өлкөдөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дүйшалиев түндөсү учуп келгени маалымдалган. Алар Германияда иш сапарда болушкан. Кызыгы, депутаттар кайтып келгенден кийин коронавируска анализ тапшыруу менен гана чектелип, экөө тең үй карантинине жиберилген.

Бирок өкмөт иштеп чыккан эрежеге ылайык, эл өкүлдөрү текшерүүдөн өтүп, 14 күнгө обсервацияга алынышы керек болчу.

Анткени, Германия өкмөт эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүргөн биринчи категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Биринчи категорияда Германиядан тышкары Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания кирет. Бул өлкөлөрдөн кайткан кыргызстандык жарандар 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.

Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу чет өлкөдөн келгендерди 3 топко бөлгөн. Ага ылайык, сырт жактан келген жарандар статусуна карабастан, карапайым же аткаминер болобу, сөзсүз түрдө өкмөт иштеп чыккан эрежеге ылайык, текшерүүдөн өтүп, белгиленген тартипти сакташы керек.

Же Кыргызстанда вице-спикер баш болгон депутаттарга карата жалпы эреже иштебейби деген суроо туулат. Азырынча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.