Аксыдагы мектепте токмоктолгон бала боюнча милиция үн катты. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 13:25
0 ой-пикир

ИИМдин басма сөз кызматы Аксы районунун Авлетим айылында болгон окуучулардын мушташын милиция териштирип жатканы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, окуя 6-февраль күнү 13:30 чамасында айылдагы А.Кабаев орто мектебинин жанындагы спорт залдын ичинде болгон. Мушташ 9-класстын окуучуларынын ортосунда чыккан.

“16 жаштагы окуучу денесинен түрдүү жараат менен ооруканага жаткырылып, милицияга кабар берилген. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алты окуучу шектүү катары тергөөгө тартылган. Соттук- медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, жакында иш сотко жөнөтүлгөнү турат. Жабыркаган баланын апасы тосмо арыз жазып бергенине карабай акырына чейин тергелип бүтөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодо топтошкон окуучулар бир баланы тепкилеп уруп жатканы көрсөтүлгөн. Окуяны таасирдүү адамдар кийлигишип, жаап салганы да белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.