Пара менен кармалган мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери жумуштан айдалды

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 08:57
0 ой-пикир

Пара алууга шектелип кармалган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Талас облусундагы башкармалыгынын эки кызматкери кызматынан бошотулду.

Буга байланышкан буйрукту бүгүн аталган мекеменин жетекчилиги чыгарган. Анда “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, ошондой эле “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдардагы терс негиздеме менен жумуштан бошотулганы айтылат.

Аталган кызматтын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана З. у. С аттуу инспектору 6-мартта пара алып жаткан учурда кармалышкан. Алар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан.

Аталган кызматкерлер терс негиздеме менен бошотулганы боюнча маалымат Реестрге каттоо үчүн Мамлекеттик кадр кызматына билдирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.