Вице-премьер өгөй атадан запкы тарткан баладан кабар алды

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 16:44
0 ой-пикир

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ооруканага барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Маалыматтар боюнча, баланын абалы оор, ошол эле учурда туруктуу. Ал эсинде эле.

Алтынай Өмүрбекова балага тез сакайып кетишин айтып, медицина кызматкерлерине кечиктирилгис чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал жапа чеккен балага квалификациялык медициналык жардам берүүнү, тиешелүү дары-дармек менен камсыз кылууну, психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык зарыл болгон жардамдар берелерин белгиледи.

Эске сала кетсек, 6 март күнү Бишкекте эркек киши аялын өлтүрүп, өгөй баласын бычактап, өзү асынып алган. Бычакталган 9 жаштагы бала оор абалда шаардык балдар ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.