Текебаев менен Чотоновдун соту 23-мартка жылдырылды

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 10:07
0 ой-пикир

Cаясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо 23-мартка белгиленди. 9-марттагы отурумда А.Базаркулов, Ж.Ташматов, Б.Айдакеев жана К.Байболовдун көрсөтмөлөрү айтылды.

Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

24-февралда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү 25-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары, соттук териштирүүнүн да мөөнөтү узартылган.

Текебаев менен Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден пара алган деп шектелип, камакка алынган. Кийин 2019-жылы 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карап, сот залынан аларды үй камагына чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.