Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-март күнү камалган айымдарды колдоо максатында митинг өтүүдө. Акцияны “Зомбулукка каршы” деп аташкан. Ал саат 12:00дө Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында башталды.
Акцияда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» аттуу чакырыктар айтылууда.
Акцияга Роза Отунбаева, Мира Жангарачева, Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова баштаган коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышты. Акцияга милиция көз салып турат.