Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандар ачкачылык жарыялашты

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 14:25
0 ой-пикир

Бүгүнкү күндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза өтөө мекемелеринде өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам жазаларын өтөшүүдө.

Алар 9-мартта ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 9-мартында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1, 16, 19, 25 мекемелеринде таңкы текшерүү учурунда, өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан 200 адам мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашканы тууралуу кат менен кайрылышкан. Алар соттук жана көзөмөл органдарына өздөрүнүн конституциялык маселелерин коргоо боюнча талаптарын коюшкан.

“Мыйзамга ылайык, өмүр бою эркинен ажыратылгандарга карата амнистия колдонулбайт, ошондуктан алардын талаптары негизсиз. Учурда аталган мекемелердин администрациясынын кызматкерлери жана ЖАМКнын тиешелүү кызматтары тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – дейт ЖАМКдан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2016-жылдан баштап өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар үчүн өзгөчө режимдеги колония иштей баштаган. Мекеме Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясынын базасында түзүлгөн.

Камераларга жаңы эмерек коюлуп, жаңы жууркан-төшөк, идиш-аяк менен камсыз болушту. Кылмыш жаза кодексине ылайык, кылмышкерлер үчүн камераларга телевизор коюуга уруксат берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.