Текебаев менен Чотоновдун соту бүгүн уланат

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 10:47
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайрадын кароо уланат. Отурум түштөн кийин саат 14.00гө белгиленген.

24-февралда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү 25-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары, соттук териштирүүнүн да мөөнөтү узартылган.

Текебаев менен Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден пара алган деп шектелип, камакка алынган.

2019-жылы 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карап, сот залынан аларды үй камагына чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.