Текебаев-Чотонов соту: күбөлөр көрсөтмө көрсөтмө беришти

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 18:29
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Бүгүн отурумда А.Базаркулов, Ж.Ташматов, Б.Айдакеев жана К.Байболовдун көрсөтмөлөрү айтылды.

Аталган ишти кароонун убактысы аянтагандыктан соттук отурум 2020-жылдын 23-мартына саат 14.00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.