25 миң доллар доолаган салыкчылар кызматтан бошотулду

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 18:13
0 ой-пикир

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызмат адамы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Тактап айтканда, Ленин райондук салык органынын начальниги, ушу органдын бөлүм начальниги жана башкы инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Аталган салыкчылар УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулушту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.